# Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2022
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3919>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3919>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3919

---

Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө

Инвестициялык климатты жакшыртуу, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүү институттарын мамлекеттик колдоо чараларын жана ресурстарын консолидациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши (мындан ары – Координациялык кеңеш)

1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Координациялык кеңешке көмөк көрсөтсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды белгиленген тартипте берсин.

4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (макулдашуу боюнча) стратегиялык инвестициялык долбоорлорду колдоо маселелери боюнча Координациялык кеңеш менен өз ара аракеттенүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме 2.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
