# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2018
- Редакциянын күнү: 27.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-386>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/386>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому (27.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-386

---

Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым актыларды бекитүү жөнүндө

“Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-21-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Карын энелик методду колдонуу тартиби жана шарттары 1-тиркемеге ылайык;

- Жыныстык клеткалардын донорлугунун тартиби жана шарттары, ошондой эле жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу шарттары 2-тиркемеге ылайык;

- Жасалма уруктандырууну өткөрүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- Редукцияны өткөрүү үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн тизмеси 4-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
