# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №61 токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №61 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2022
- Редакциянын күнү: 24.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3851>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3851>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы №61 токтому (24.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3851

---

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

тиркеме.docx

Тиркеме 1.doc

тиркеме 1-1.docx

тиркеме 2.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
