# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2018
- Редакциянын күнү: 27.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-385>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/385>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтому (27.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-385

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планында:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

4

Онлайн режиминде автомашина ээлерин транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча сот органдарынын, ПМББнын жана ТКжАККДнын ортосунда өз ара байланышты күчөтүү максатында маалыматтарды алмашуу системасын автоматташтыруу

2018-жылдын

1-августу

ИИМ, МКК, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча)

»;

- 52-пунктунун 52.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

52.1. Курсанттар окуган автомектептерди көрсөтүү менен айдоочулар курамы боюнча маалыматтар базасын туруктуу негизде түзүү жана колдоп туруу:

- 3 жылга чейинки стажы бар айдоочулар жасаган жол-транспорт кырсыгынын анализинин негизинде айдоочу кайсы окуу жайында окугандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо;

- ЖТК катталганда - кайсы автомектептин бүтүрүүчүсү ЖТК күнөөлүү болгондугун табуу, маалымат жыйноо жана ай сайын лицензиарга ЖТК сандык жана сапаттык анализин жөнөтүү

2018-жылдын

30-декабры

ИИМ, МКК, БИМ

».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
