КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планында:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4
Онлайн режиминде автомашина ээлерин транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча сот органдарынын, ПМББнын жана ТКжАККДнын ортосунда өз ара байланышты күчөтүү максатында маалыматтарды алмашуу системасын автоматташтыруу
2018-жылдын
1-августу
ИИМ, МКК, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча)
»;
- 52-пунктунун 52.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
52.1. Курсанттар окуган автомектептерди көрсөтүү менен айдоочулар курамы боюнча маалыматтар базасын туруктуу негизде түзүү жана колдоп туруу:
- 3 жылга чейинки стажы бар айдоочулар жасаган жол-транспорт кырсыгынын анализинин негизинде айдоочу кайсы окуу жайында окугандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо;
- ЖТК катталганда - кайсы автомектептин бүтүрүүчүсү ЖТК күнөөлүү болгондугун табуу, маалымат жыйноо жана ай сайын лицензиарга ЖТК сандык жана сапаттык анализин жөнөтүү
2018-жылдын
30-декабры
ИИМ, МКК, БИМ
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн2017-жылдын 30-августундагы № 546 "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү…Постановление · 30.08.2017 · № 546 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон