# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №199 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №199 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2022
- Редакциянын күнү: 13.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3764>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3764>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3764.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №199 токтому (13.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3764

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 “2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш-чараларды оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 “2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

– 1-пунктунда:

1.5, 1.7-пунктчаларынын “Ишке ашыруу мөөнөтү” деген графасындагы “2021-жылдын 30-июну” деген сөздөр “2023-жылдын 30-декабры” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1.6, 1.9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

1.8-пунктчасынын “Ишке ашыруу мөөнөтү” деген графасындагы “2021-жылдын 30-июну” деген сөздөр “2023-жылдын 20-августу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1.11-пунктчасынын “Ишке ашыруу мөөнөтү” деген графасындагы “июну” деген сөз “декабры” деген сөз менен алмаштырылсын;

– 2, 3, 4-пункттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
