КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө
“Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу”, “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
22-августундагы № 580 “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) алдында Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1, 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 августа 2002 года №580 "О создании Научно- исследовательского института молекулярной биологии и медицины при Национальном центре кардиологии…Постановление · 22.08.2002 · № 580 · Күчүн жоготкон