# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы №141 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы №141 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2022
- Редакциянын күнү: 22.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3715>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы №141 токтому (22.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3715

---

Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү:

– бул токтомдун тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;

– ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;

2) катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн арасында эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 “Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабитенинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
