Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:
- 2-пунктунда: төртүнчү абзацындагы: «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын,» деген сөздөр менен толукталсын;
жетинчи абзацындагы «Согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин республикалык кеңешинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңешинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 137 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон