# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №127 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №127 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2022
- Редакциянын күнү: 15.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3699>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3699>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №127 токтому (15.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3699

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча жалпы координациялоону ишке ашыруу жана макулдашылган чечимдерди кабыл алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 34-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-майындагы № 296 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме 1.docx

Тиркеме 2.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Басып чыгаруу
