# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2022
- Редакциянын күнү: 15.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3697>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3697>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 токтому (15.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3697

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
