# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №125 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №125 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2022
- Редакциянын күнү: 15.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3696>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3696>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №125 токтому (15.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3696

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 160 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
