КР Министрлер Кабинетинин тескемеси
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык:
1. Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Жол картасын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тиркеме.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2022 · № 17