Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасындагы үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө
Республиканын дыйкандарын жана фермерлерин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасындагы үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы келечектүү жана таңсык сортторун өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү максатында мамлекеттик сорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт сыноо участокторуна сорттуу сертификатталган үрөндөрдү өстүрүү жана сатуу укугун берсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк чарбасын стабилдештирүү жана жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын 1997-жылы иштин жыйынтыгы боюнча кайра аттестациялоодон өткөн үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмеси жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-мартындагы № 126 “1998-жылдын жыйынтыгы боюнча кайрадан аттестациядан өткөн үрөн чарбалардын, мамлекеттик сорттордогу сыноо станциялардын жана мамлекеттик сортторду сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 376 “2009-2011-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн жана мамлекеттик фондго топтоо үчүн сорттук үрөн өндүрүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 марта 1999 года №126 "Об утверждении перечней семеноводческих хозяйств, государственных сортоиспытательных станций и государственных…Постановление · 04.03.1999 · № 126 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 1998 года №111 "Об утверждении перечней семеноводческих хозяйств Кыргызской Республики, прошедших переаттестацию по итогам 1997 года"Постановление · 05.03.1998 · № 111 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 376 "2009-2011-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн жана мамлекеттик фондго топтоо үчүн сорттук үрөн…Постановление · 26.06.2013 · № 376 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 февраля 1997 года №76 "О мерах по стабилизации и улучшению семеноводства сельскохозяйственных культур в Кыргызской Республике"Постановление · 12.02.1997 · № 76 · Күчүн жоготкон