# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №16 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №16 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3571>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3571>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3571.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №16 токтому (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3571

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №-111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо.docx

Төрага А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
