# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №349 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №349 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3568>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3568>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №349 токтому (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3568

---

Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 1-тиркемеге ылайык;

2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
