# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2018
- Редакциянын күнү: 28.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-350>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/350>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 токтому (28.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-350

---

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
