# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2019
- Редакциянын күнү: 13.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-35>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/35>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 токтому (13.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-35

---

Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 658 “Аймактарды топторго, уюмдарды – жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү эрежелери жана критерийлерди бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) тиешелүү аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги топторго киргизилген аймактардын, Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилген уюмдардын тизмесин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
