# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №299 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №299 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3479>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3479>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №299 токтому (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3479

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Металл куюу өнөр жайынын объекттерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу жана энергия менен жабдуучу ишканалардын тиешелүү чыгымдарын камсыз кылуу максатында, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына жана “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

– 3-главасынын жыйырманчы абзацындагы “1,5 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын;

– Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:

12-пунктунун бүткүл тексти боюнча “1,5” деген цифралар “2,0” деген цифралар менен алмаштырылсын;

– Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:

6-пунктунун 10-пунктчасындагы “1,5 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын;

66-пунктундагы “1,5 жогорулатылган коэффициентке” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Куюучу, эритүүчү цехтер” керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага А.У. Жапаров

тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
