# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2021
- Редакциянын күнү: 23.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3408>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3408>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому (23.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3408

---

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укук улантуучусу болуп саналары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп кайра аталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.doc

Төрага А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
