# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы. №220 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы. №220 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2021
- Редакциянын күнү: 01.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3367>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3367>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы. №220 токтому (01.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3367

---

Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17 - беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы, 2- тиркемеге ылайык;

- Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы, 3- тиркемеге ылайык;

- Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим, 4- тиркемеге ылайык;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул типтүү жобого ылайык келтиришсин.

3. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 101 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 143 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 465 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 480 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 633 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” № 52 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Типтүү жобо.docx

Төрагасы А.У.Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
