# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30 - сентябрындагы №192 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30 - сентябрындагы №192 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2021
- Редакциянын күнү: 30.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3327>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3327>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30 - сентябрындагы №192 токтому (30.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3327

---

Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

Энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине жана “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага У.А.Марипов

Тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
