# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2021
- Редакциянын күнү: 12.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3243>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3243>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому (12.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3243

---

Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 “Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага У.А.Марипов

жобо.docx

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
