# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы 113 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы 113 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Редакциянын күнү: 11.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3238>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3238>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы 113 токтому (11.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3238

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы уюштурулсун.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын сүрөттөмөсү 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгисинин сүрөттөмөсү 3-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага У.А.Марипов

Жобо (2).docx

сүрөттөмө.docx

сыйлоого көрсөтүү барагы.docx

Тиркемелер

Басып чыгаруу
