# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2021
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3235>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3235>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 токтому (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3235

---

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө

Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин:

- түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча;

- түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.

2 .Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Төрага У.А. Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу
