# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 456
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2018
- Редакциянын күнү: 05.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-321>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/321>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 токтому (05.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-321

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитү

Кыргыз Республикасынын жеке ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жободо:

- 3-бөлүмүнүн 12-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке” деген сөздөр “экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
