КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-13-пунктчалар менен толукталсын:
“10) жоруктар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органдарынын функцияларын компетенциясынын чегинде жүргүзүү;
11) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү компетенциясынын чегинде жүргүзүү;
12) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашыруу;
13) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого көмөк көрсөтүү.”
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон