КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө“ токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемесинин таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
№
Кызматтардын аталышы
Кызматтык маяна (сом)
1.
Бөлүм башчы
5760
2.
Билим берүү уюмунда окуучулардын төмөнкүдөй контингенти менен башкы бухгалтер: - 250 адамга чейин - 250 дөн 450 адамга чейин - 450 адамдан ашык
6000
6240
6480
3.
Бухгалтер
5700
4.
Бухгалтер -кассир
5040
5.
Чарба башчысы
5400
6.
Психолог
6000
7.
Сурдо котормочу, сурдопедагог, врач-педиатр
5400
8.
Улук устат
7500
9.
Дене тарбия жетекчиси
6000
10.
ЖАД (жаштарды аскерге чейинки даярдоо) жетекчиси
6000
11.
Методист
5400
12.
Системалык администратор (маалыматтык системалык башкаруу адиси)
5700
13.
Жатаканадагы тарбиячы
5400
14.
Китепкана башчысы
6000
15.
Ашкана башчысы (шеф-ашпозчу)
6000
16.
Жатакана башчысы
6000
17.
Механик
5700
18.
Окуу бөлүмүнүн катчысы, кадр боюнча инспектор, паспортист
5400
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 “Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарында: - 1-главада: “Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер” графасында “250” деген цифралар “150” деген цифралар менен алмаштырылсын;
7.
Системалык администратор (маалыматтык башкаруу системасы боюнча адис)
-
1
-
эскертүүнүн 1 жана 3-пункттарындагы “250” деген цифралар “150” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигине республикалык бюджеттен тийиштүү жылдарга каралган каржаттардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4.-Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 "Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2013 · № 300
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон