КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тартибин иретке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“- “Эркеч-Там-автожолу”, Ош облусу, Алай району (Нур айылынан 4 км чыгышка карай);
- “Торугарт-автожолу”, Нарын облусу, Ат-Башы району (Бишкек - Кашкар (КЭР) автожолунун 531-км.”.
2. Радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүүнү токтотсун;
- радиациялык контроль жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү…Постановление · 26.10.2011 · № 674
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон