# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2021
- Редакциянын күнү: 03.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3077>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3077>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 токтому (03.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3077

---

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, “COVID-19” коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29 жана 227-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (ташып киргизилүүчү) кум шекерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 коду) жана рафинаддалган өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) салык салынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу
