# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2021
- Редакциянын күнү: 29.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3071>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3071>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 163 токтому (29.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3071

---

2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрсүн;

- аталган мөөнөттө транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү жөнүндө маалыматтык кампанияны жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет-ресурстарында уюштурсун.

2. 2021-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрына чейин транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо боюнча улуттук кампанияны өткөрүү мезгилинде:

- жеке жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо үчүн жыйымдын ставкасы нөл пайыздык өлчөмдө белгиленсин;

- транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн алынган жыйымдын өлчөмү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринин 68-пунктун колдонуу токтотулсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу
