КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, статистикалык маалыматтарды топтоону жана аларга талдоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту
23
Директор
14000
24
Эксперт
12500
25
Бөлүмдүн башчысы
10000
26
Башкы адис
9500
27
Жетектөөчү адис
8100
28
Адис
7100
2. Ушул токтомду 2018-жылы ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды каржылоо үчүн акча каражаттарын караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон