# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2021
- Редакциянын күнү: 21.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3052>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3052>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 159 токтому (21.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3052

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

“- Алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери, 3-тиркемеге ылайык;

- Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери, 4-тиркемеге ылайык.”;

- 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен бирдикте:”;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3 жана 4-тиркемелер менен толукталсын.

2. 2022-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөр белгиленсин:

1) маркаланган товарларды жүгүртүүдөн чыгаруу техникалык оператор тарабынан ушул маркалоо коду жүгүртүүгө киргизилген күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, “жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган” маркалоо кодунун статусун өзгөртүү аркылуу “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында ишке ашырылат;

2) контролдук-кассалык машина аркылуу “жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган” статусу менен маркаланган товарды жүгүртүүдөн чыгарууда, техникалык оператор маркалоо кодун “жүгүртүүдөн чыгарылган” статусу менен алмаштырат;

3) маркаланган товарларды жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу техникалык операторду Кыргыз Республикасынын аймагына маркаланган товарларды берүү/ташып киргизүү жөнүндө кабарлоо жолу менен ишке ашырылат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр У.А.Марипов

Тиркеме.docx

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
