# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2018
- Редакциянын күнү: 23.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-305>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/305>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому (23.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-305

---

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 «Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-ноябрындагы № 651 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун «з», «и» пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы № 311 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 271 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
