# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2018
- Редакциянын күнү: 23.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-304>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/304>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 токтому (23.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-304

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо маселесин тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Басып чыгаруу
