КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 9 жана 10-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- “улуттук” статусу же “академиялык” ардак наамы бар маданият жана искусство мекемелеринин тизмеси, 13-тиркемеге ылайык;
- республикалык, облустук жана райондук музейлердин тизмеси, 14-тиркемеге ылайык.”;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Төмөнкү кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга төмөнкүдөй эселүүлүк коэффициенти белгиленсин:
1) “улуттук” статусу же “академиялык” ардак наамы бар мекемелердин кызматкерлери үчүн 2,0 өлчөмүндө, 13-тиркемеге ылайык;
2) республикалык, облустук жана райондук музейлердин кызматкерлери үчүн 1,8 өлчөмүндө, 14-тиркемеге ылайык;
3) ушул токтомдун 13 жана 14-тиркемелерине кирбеген мекемелердин кызматкерлери үчүн 1,5 өлчөмүндө.”;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 13 жана 14-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 “Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Төмөнкү окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамдын, концертмейстерлердин жана иллюстраторлордун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенти:”;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында - 1,8 өлчөмүндө белгиленет;
- Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайында, Ыбрай Туманов атындагы Каракол ш. мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Жалал-Абад маданият техникумунда, Республикалык маданият колледжинде - 1,5 өлчөмүндө белгиленет.”.
2) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Төмөнкү окуу жайларында жетекчилердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенти:
- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында - 1,8 өлчөмүндө белгиленет;
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайында, Ыбрай Туманов атындагы Каракол ш. мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Жалал-Абад маданият техникумунда, Республикалык маданият колледжинде - 1,5 өлчөмүндө белгиленет.”.
“4. Ушул тиркеменин 21-37-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү орто кесиптик билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо эселүүлүк коэффициенти 1,5 өлчөмүндө белгиленет.”.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
приложение.rar
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (5)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2019 · № 429
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.12.2021 · № 152
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик…Постановление · 06.04.2015 · № 197 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон