КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуп эсептөө жана төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 18-пунктунун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы «ушул жылдын 15-июлуна чейин 50% жана кийинки жылдын 15-январына чейин 50%» деген сөздөр «ушул Нускаманын 77-пунктуна ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы «салыктык» деген сөз «салык органында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 96-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«96. Карыздар түзүлгөндө жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча тартип бузуулар аныкталганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү төлөөчүгө карыздар жана/же тартип бузуулар аныкталган датадан тартып беш иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча чечимди жиберет.»;
- жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:
«Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү» деген сөздөр «Камсыздоочунун региондук органынын башчысынын аты-жөнү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинде:
«_____ сом суммасында (суммасы жазуу түрүндө) _____ даана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөнгөндүгү жөнүндө банк квитанцияларынын түп нускасы тиркелет» деген сөздөр «Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө банк квитанциясынын, чектин же төлөм тапшырмасынын көчүрмөлөрү тиркелет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
- жогоруда аталган Нускаманын 7-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 17.07.2020 · № 385
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон