# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2021
- Редакциянын күнү: 22.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2947>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2947>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы № 54 токтому (22.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2947

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жергиликтүү бюджет жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту “тиркемеге” деген сөзгө чейин “1-” деген цифра толукталсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

“11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары – ЖӨБО методикасы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.”;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

“31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ЖӨБО методикасына ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү;

- жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан веб-багытталган тиркемени колдонуу.”;

4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү методикасында:

“Тиркеме” деген сөз “1-тиркеме” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) Ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр У.А.Марипов

Тиркеме.docx

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
