# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2021
- Редакциянын күнү: 22.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2945>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2945>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтому (22.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2945

---

Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр У.А.Марипов

тиркеме.docx

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
