# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-февралындагы №48 буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-февралындагы №48 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2021
- Редакциянын күнү: 10.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2925>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2925>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-февралындагы №48 буйругу (10.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2925

---

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы “, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр У.А.Марипов

“Тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, опертивдүү штабдын төрагасынын орун басары.

Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;

мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.”.

Тиркемелер

Басып чыгаруу
