# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрдагы № 639 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрдагы № 639 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 639
- Кабыл алынган күнү: 04.01.2021
- Редакциянын күнү: 04.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2875>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2875>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2875.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрдагы № 639 токтому (04.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2875

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартибин жөнгө салуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-6-пунктундагы “2020” деген цифралар “2022” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
