Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө
«Соттук-эксперттик иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында соттук эксперттердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо системасын тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 «Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жободо:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алдында түзүлөт жана иштейт.».
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо,
2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.
3. 2019-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
17-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
3) Ушул токтомдун 1-пункту.
4. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Соттук-эксперттик иш жөнүндөЗакон · 24.06.2013 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2017 · № 340 · Күчүн жоготкон