# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы № 605 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы № 605 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 605
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2020
- Редакциянын күнү: 15.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2837>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2837>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы № 605 токтому (15.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2837

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 14-октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

«этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен);»;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- Улуту/национальность/ethnicity».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
