# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-б буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2789>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2789>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-б буйругу (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2789

---

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Жер казынасын геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо жана алтын (тамырланган, чачыратма), күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

2. Ушул буйрук лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын пайдалануучулардын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.

Премьер-министр С.Н. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
