Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча (өсүү түйүндөрү) шаарлардын ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун байге фонду 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2020-2022-жылдары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин 2-тиркемеге ылайык жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-августуна чейин колдонулат.
Премьер-министр К.А.Боронов
Жобо 1.docx
индикаторлор.docx
тиркеме 2 шаарлар тизмеси.docx
жобого тиркеме 2 арыздын формасы.docx
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Тиркеме 3
Тиркеме 4
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 633 ("Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" конкурсун өткөрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 25.11.2020 · № 633
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 21-б " Балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын шаарларынын ишине дем берүү максатында, "Балдарга…Распоряжение · 10.02.2021 · № 21-р
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР 2020-жылдын 8-январындагы ПЖ № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.01.2020 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-марты № 194 "2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2017 · № 194 · Күчүн жоготкон