# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №469 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №469 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2020
- Редакциянын күнү: 21.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2702>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2702>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №469 токтому (21.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2702

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо системасын өркүндөтүү, “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 2 жана 5-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр К.А.Боронов

тиркеме.docx

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
