# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2019
- Редакциянын күнү: 24.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-27>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/27>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтому (24.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-27

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаны андан ары ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
