КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 “Бирдиктүү шыр байланыш” туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 “Бирдиктүү шыр байланыш» туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы жана 1-пунктунун үчүнчү абзацы “экстрендик оперативдүү кызматтарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакырууну камсыздоо системасына кирген Кыргыз Республикасынын оперативдүү кызматтарынын тизмесинде:
аталышы “экстрендик оперативдүү кызматтарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы 45-пункт менен толукталсын:
“
45
116
МСКнын Маалымат борбору
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
”.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборунун иштөөсү үчүн “116” телефон номерин бөлүп берсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон