# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы №479 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы №479 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 479
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2020
- Редакциянын күнү: 10.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2681>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2681>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-сентябрындагы №479 токтому (10.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2681

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган чечимдерине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 20-пунктундагы «2544» жана «2323» деген цифралар тиешелүү түрдө «2575» жана «2354» деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу
