КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 “2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коронавирустук инфекциянын пандемиясынын шарттарында саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык адистиктер боюнча кадрларды даярдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 “2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесинде жана окууга кабыл алуу көлөмүндө:
- “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги” бөлүмүндө:
“320” деген цифралар “360” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“210” деген цифралар “240” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“60” деген цифралар “70” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” бөлүмүндө “4482” деген цифралар “4532” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- “Саламаттык сактоо” позициясында:
“40” деген цифралар “80” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“20” деген цифралар “30” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“75” деген цифралар “125” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- “Бардыгы” позициясындагы “5705” деген цифралар “5795” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу…Постановление · 09.07.2020 · № 376
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон